Kyrgyz
Бардык түшүндүрмөлөр PDF форматында берилген, көрүү үчүн, программасын колдонсоңуз болот Adobe Reader ©.
Kyrgyz Flag
Ыйык Китепти изилдөө үчүн жасалган бул веб-сайт Рухтун деминде жазылган Ыйык Жазууга арналган. Ыйык Китеп ишенимдин (куткарылуу) жана практиканын (машаякчылык жашоонун) жалгыз булагы. Ыйык Китепти туура чечмелөөнүн ачкычы - бул негизги автордун айтайын деген оюн (1) анын жазылган жанрына, (2) адабий контекстине, (3) грамматикалык формасына, (4) лексикасына, (5) автордун жашоосунун тарыхый кырдаалына жана китептин жазылышына жана (6) окшош тексттерге ылайык түшүнүү. Рухтун деминдеги китепти эң мыкты чечмелөөчү бул Рухтун деминде жазылган китептин өзү; Ыйык Китеп – бул чындыктардын бүтүндөй библиотекасы.
Бул чечмелөөлөрдүн автору герменевтика тармагында (Ыйык Китепти чечмелөө) академиялык даярдыктан өткөн (анын өмүр баяны жана тобо кылганы жөнүндө www.freebiblecommentary.org дон карасаңар болот) жана төмөнкү нерселерге аракет кылат: www.freebiblecommentary.org )
  1. Ыйык Китепти өз алдынча изилдөөгө силерди шыктандыруу (бул жерде артыкчылык силерге, Ыйык Китепке жана Ыйык Рухка берилет).
  2. Силерге өз түшүнүгүңөрдү баалоого жардам берүү жана чечмелөөнүн башка варианттарын сунуш кылуу.
  3. Автордун алгачкы ниетин тапканыңардан кийин (т.а. жалгыз бир маанини), ал силердин маданиятыңарга ылайык өз жашооңордо колдонулушу керек! Колдонуулар ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок автордун айтайын деген алгачкы ниети өзгөрбөйт.
  4. Герменевтикалык принциптер текст эмнени билдирерин так айта албайт, бирок ал текст эмнени билбирбей турганын аныктоого жардам берет.
  5. Герменевтика – Ыйык Китепти изилдөөдө биз эсибизден чыгарбаш керек болгон тизме. Чечмелөөнүн ар бир аспектиси маанилүү, бирок заманбап талкуулоочулар ар дайым: «Бул текст мен үчүн эмнени билдирет?» деген суроону көбүрөөк беришет. Андан көрө «Бул текст аркылуу алгачкы автор (Рухтун шыктануусундагы жалгыз инсан) ошол мезгилде жашагандарга эмне деп айткан?» жана «Бул чындыкты мен жашаган мезгилде кантип колдонсо болот?» деген суроону берсе жакшыраак болмок.
Ыйык Китепти талкуулоо боюнча менин семинарым силерге бата болот жана аяттан аятка аттуу чечмелөөлөрүм силерди Кудайга дагы жакындатат деп үмүттөнөм.
Д-р Боб Атли,
Герменевтика профессору (пенсияда)
www.freebiblecommentary.org
www.biblelessonsintl.com
 
Copyright © 2017 Bible Lessons International, P.O. Box 1289, Marshall, TX 75671, USA